29.05.2023
Социалдык маанилүү товарларга мониторинг
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 26-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын борбордук базарында жана азык-түлүк сатуучу түйүндөрдө социалдык жактан маанилүү товарларга, ошону менен бирге күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү, мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды: № Аталышы кг/сом төмөнкү жогорку орточо 1 Буудай уну […]
29.05.2023
Биздин команда турнирде 3-орунду ээледи
Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн арасында мини футбол боюнча турнир өткөрүлүп, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы командасы 10 команданын ичинен 3-орунду ээледи. Куттуктайбыз!
26.05.2023
Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарды сатууга жана колдонууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин тапшырмаларын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаков тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлер менен Ысык-Көл облусунун […]
26.05.2023
Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамын бузуу үчүн жоопкерчиликке «У Татьяны» конок үйү тартылган
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан «У Татьяны» конок үйүнө карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 403 жана 434-беренелерине ылайык айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимге “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде таркатылат жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча, […]
26.05.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 25 – майындагы №19-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. Макулдашылган көрсөткүч:2.