19.09.2025
Жалал-Абад облусунда эттин баалары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан, Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүндө эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө уй жана кой этине (сулп этинен башкасы) жөнгө салынган баадан ашыкча коюу фактысы аныкталып, КРнын “Укук бузуулар” жөнүндөгү кодексинин 290-беренесине ылайык 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
19.09.2025
Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын супермаркеттеринде, соода түйүндөрүндө жана базарларында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын супермаркеттеринде, соода түйүндөрүндө жана базарларында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге уй жана кой эти үчүн белгиленген чекене баадан (сөөксүз эттен тышкары) ашып кетүүгө жол бербөө боюнча түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле соода эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Мониторингдин […]
19.09.2025
Ош шаарынын аймагында чийки сүттүн базалык баасын аныктоо боюнча презентация өткөрүлдү
 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрында чыгарылган №724 сандуу “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндөгү” жана 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субьектердин товарларына бааларды аныктоонун тартиби жөнүндө” токтомдорунун талаптарын ишке ашыруу үчүн 2025-жылдын 18-сентябрында Ош шаарынын мэриясынын залында Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Ош шаардык агрардык башкармалык, Ош шаардык ветеринардык башкармалык, Ош шаарынын муниципиалдык аймактар башкармалыгы, Ош шаарынын […]
18.09.2025
Токмок шаарындагы супермаркеттерде, соода түйүндөрүндө жана базарларда эттин бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарындагы супермаркеттерде, соода түйүндөрүндө жана базарларда эттин бааларына (сулп этинен башка) мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле мониторинг жүргүзүү учурунда эт саткан сатуучулар менен баанын негизсиз, өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» […]
18.09.2025
Бишкек шаарынын аймагында «Азия» гипермаркетиндеги эт павильонунда мониторинг жүргүзүлдү
Бишкек шаарынын аймагында эттин негизсиз кымбаттап кетишин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери «Азия» гипермаркетиндеги эт павильонунда мониторинг жүргүзүштү. Текшерүү учурунда уй этин жана кой этин (сөөксүз эттен башка) сатуу абалы камтылды. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары, «Азия» гипермаркетинде этке жөнгө […]