
В городе Ош проведен мониторинг цен на хлеб
24.10.2023
Служба антимонопольного регулирования при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики информирует о ситуации на рынке горюче-смазочных материалов.
24.10.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун, 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругунун Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 9-октябрындагы № 9 «Ош шаарынын аймагында 90 күндүк мөөнөткө биринчи сорттогу унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) баанын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө, буйругун аткаруу максатында иштер жүргүзүлдү.
Тагыраагы 2023-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Борбордук аппараттын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы адиси А.Абдылдаев менен биргеликте биринчи сорттогу унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) баанын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө сакталышы боюнча иш-чаралар (мониторинг) жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 20 объектилери камтылды. Негизинен белгиленген баадан ашыкча баада саткан фактылар аз кездешти. Бирок белгиленген баадан ашыкча саткан 3 факты аныкталып, аларга жеринде эскертме кагаздар берилди.
Ошондой эле бул иш-чаранын жүрүшүндө Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптары боюнча бааларды белгилөө аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





