13.05.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Кыргызтелеком” ААК “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматынын колдонуудагы тарифтерин жогорулатууну демилгелеп жаткандыгын билдирет. Колдонулуп жаткан тарифтер 2019-жылы бекитилген. Азыркы учурда, “Кыргызтелеком” ААКнын эсептик материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген, мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө […]


