07.04.2023

2017- жылдын 26 -октябрынын №38 буйругу менен атайын унаа токтоочу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, жайгаштырууга тарифтердин чектүү максималдуу көлөмү– 1500 сом өлчөмүндө макулдашылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 4- апрелинин №202 “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жана жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2017- жылдын 26 -октябрынын №38 буйругу менен атайын унаа токтоочу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, жайгаштырууга тарифтердин […]
07.04.2023

Калкты көмүр отуну менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн Мамагенттиктин директорунун орун басары Тайлаков К.Д. 2017-жылдын 4-ноябырдан 6-ноябырга чейин Ош жана Баткен облустарындагы абал менен таанышып келди.

Иликтөө учурунда, Мамагенттиктин аймактык бөлүмдөрү жана көмүр казуучу компаниялар тарабынан “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы №262 токтомунун 4-пунктун аткаруу боюнча жүргүзгөн иштери текшерилди. Ошондой эле, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен жолугушу учурунда көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө жана калкты убагында камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү керектиги айтылды.   […]
07.04.2023

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Кыргыз почтасы» МИсы тарабынан көрсөтүлүүчү “Мамлекеттик үлгүдөгү документти (ID карт жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту) баалуу кат менен жөнөтүү (жеткирүү) кызматын 100 сом деңгелинде 2017-жылдын 15 – сентябырындагы №34-буйругу менен белгиленген.

«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 21- апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” нускаманын негизинде жана Кыргыз Республикасынын […]
Skip to content