Мамлекеттик тил алкагындагы иштер

15.05.2024

Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 5-март Кыргызстанда улуттук баш кийим – Ак калпак күнү белгиленди.Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен кабыл алынган.Ак калпак күнүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын сыймыктануу менен белгилешти.Кызматтын мырзалары ак калпак ар бир кыргыз уулунун башында сөзсүз болушу керектиги, үйдүн төрүндө улуттук баш кийим катары аздектелиши керектиги тууралуу өз ара пикир алышты. Андан сырткары кыргыздын Ак калпагын […]
24.11.2023

Мамлекеттик Катчы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жамааты менен жолугушту.

Бүгүн, 2023-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты менен жолугушту.Жолугушууда Мамкатчы коомдун маданий жана руханий жактан өнүгүшүнө, аялдарга, үй-бүлөлөргө, жаштарга колдоо көрсөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана балдарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө кенен токтолду.Ал мамлекеттик органдардын, жарандардын жана коомдук институттардын маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча натыйжалуу өз ара […]
17.11.2023

Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.

Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясы тарабынан “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери үчүн 40 саатка созулган “Иштиктүү кыргыз тили”. Кыргызтестке даярдык көрүү” курсу өткөрүлдү. Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.
Skip to content