11.04.2022

Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы дарыканалардада

Ушул жылдын 6-11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмдүн кызматкерлери Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы дарыканаларда дары-дармектердин баасына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө белгиленген чектүү баадан ашыкча сатуу фактылары аныкталган. Тиешелүү маалымат мыйзамдуу чара көрүү үчүн Дары-дармек жана медициналык техника департаментине жөнөтүлөт.
11.04.2022

2022-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин Ош шаарында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери дары-дармектердин баасына мониторинг жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 5789 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуунун Убактылуу эрежелеринин” 32-пунктуна ылайык, дары-дармек каражаттарына баанын жогорулашынын байкалганына байланыштуу , Ош шаарында 2022-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү Саламаттыкты сактоо министрлигинин ДДМК Түштүк филиалынын кызматкерлери менен […]
18.11.2021

«Ачыктык, атаандаштык, өнүгүү» темасындагы Атаандаштык боюнча VII онлайн конференциясы

2021-жылдын 16-17-ноябрында Мамлекеттик агенттиктин кызматкери БРИКСтин демөөрчүлүгү астында Кытай Эл Республикасынын рыноктук көзөмөлү башка өлкөлөрдүн монополияга каршы органдары менен бирдикте уюштурулган «Ачыктык, атаандаштык, өнүгүү» темасындагы Атаандаштык боюнча VII онлайн конференциясына (мындан ары – Конференция) катышты. Конференция БРИКС өлкөлөрүнүн атаандаштык саясаты чөйрөсүндөгү уникалдуу эл аралык окуя болуп калды, бул ассоциацияга кирген өлкөлөрдөгү атаандаштык саясатынын жана мыйзамдарынын абалын дүйнөлүк мыктылардын негизинде жогорку […]
Skip to content