20.11.2023

Бишкек шаарында жарнактар боюнча айып пулдар салынды

Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг учурунда аныкталгандай, бут кийим дүкөнүнүн жарнактары, жеке менчик медициналык борбордун жана кийим саткан дүкөндүн жарнак маалыматтары мамлекеттик тилге которулган эмес. Ошондой лицензия номери да болгон эмес.Бул КР «Жарнак жөнүндө»Мыйзамынын 5-беренесине карама-каршы келет.Белгиленген мыйзам бузуулар боюнчаадминистративдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 51 000 сомду түзгөн административдик айып пулдар салынды.
20.11.2023

Кызматтын Чүй облустук бөлүмү  Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын  сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүАламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын  сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Мониторингтин жүрүшүндөмыйзамдын 5-беренесинин 4 жана 11-пунктарына туура келбеген “А.К.” ЖЧКуна жана “Б.К.» ААКуна тийиштүү курулуш компаниялардын жарнамалары аныкталды: эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында “иши лицензияланганын” билдирүү жетиштүү […]
20.11.2023

Талас облусунун Талас шаарынын көмүр отунун сатылуучу жайларга жана нан саткан дүкөндөрдө мониторинг жүргүзүлдү.

2023-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Талас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте, Талас шаарында жайгашкан көмүр отунун сатылуучу жайларга жана нан саткан дүкөндөрдө мониторинг жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун жана биринчи сорттогу унунан жасалган бөлкө нан жана тандыр нандын баасына байкоолор жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө сатылып жаткан […]
Skip to content