07.03.2024

Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 7-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 7-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү.     Жолугушууда унаа борборунун кызматкерлерине, керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди. Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды.     Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба […]
07.03.2024

Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын негизинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Токмоктогу колледжинде иш чара жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 6-мартында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Токмоктогу колледжинде студенттер жана мугалимдер менен жолугушуулар жүргүзүлдү. Жолугушуу кызматкерлер тарабынан даярдалган презентация (слайд) көрсөтүү менен студенттерге КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, […]
07.03.2024

“Жан-Булак Ата” Муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү сууга акы алып кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды

             Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө  мыйзамынын 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык “ Жан-Булак Ата” Муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу баасы (тарифи) белгиленди (макулдашылды). № Аталышы Буйрук №, күнү […]
Skip to content