18.03.2024

Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында мониторинг жүргүзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында 2024-жылдын 18-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан керектөөчүлөр үчүн акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баасы (тариф) жөнүндө […]
18.03.2024

Жалал-Абад шаарында жалпы ишембилик башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш-планынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган ишембилике Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Ишембиликте шаардык мэрия тарабынан бөлүнгөн тилке тазалап, иретке келтирилди. Иш-пландын негизинде ишембиликтер мындан ары да уланмакчы.
18.03.2024

Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бөлүмдүн имаратында тышкы көрөнүшүн тартипке келтирүү үчүн ишембилик өткөрүлдү

Ушул жылдын 16-мартында Баткен облусу боюнча социалдык инфраструктураларды, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө үч айлык жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн имаратында тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү үчүн ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө көчөдөгү арыктар тазаланып, бак-дарактар акталды. Имараттын айлана-тегереги тазаланып, көрктөндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.
Skip to content