27.03.2024

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө мониторинг жүргүзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө 2024-жылдын 27-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмү  тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыздалбаган жана кыска мөөнөттө жабдууларды орнотуу боюнча эскертүү берилди. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары […]
27.03.2024

Ош базарында мониторинг жүргүзүлдү

Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында, 2024-жылдын 27-март күнү Ош базарында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Белгилей кетсек, базарларда баалар туруктуу жана таңкыстык жок.
27.03.2024

Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикаборбору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамынын 142-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген  «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнү аныктоо” тартибинин  негизине ылайык Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикаборборунун медициналык акы алып кызмат көрсөтүү баа прейскуранты (тарифи) макулдашылды. […]
Skip to content