02.06.2025

Макулдашылгандардын тизмеси:

Макулдашылган көрсөткүч (позиция):32; Макулдашылган көрсөткүч (позиция):8; 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын  2025-жылдын 16-майындагы №36 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертизалоо департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. Макулдашылган көрсөткүч (позиция):43; Макулдашылган көрсөткүч (позиция):1.
02.06.2025

Тышкы жарнама боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2025-жылдын 29- майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг алкагында соода түйүндөрүнүн ээлерине жана кызматкерлерине жарнама берүүдө мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
30.05.2025

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында чийки сүттүн баасын белгилөө боюнча маселелер талкууланды

Бүгүн, 2025-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында чийки сүткө бааларды белгилөө маселеси боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев, Кыргыз Республикасынын […]
Skip to content