
Авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өттү
16.05.2023
Түп райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
18.05.2023Түп райондук мамлекеттик администрациясында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин төрагалыгы менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын («Үмүт и Ко» жана «Сүт булак»), ошондой эле чийки сүттү жеткирүүчүлөр менен ортомчулардын өкүлдөрү катышуусунда калк тарабынан кабыл алынган чийки сүттүн баасы боюнча жыйын өттү. Чийки сүттүн баасы рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилди. Чийки сүттү алуунун баасынын төмөндөшү бир катар себептерге байланыштуу. Анын ичинде Кыргызстандан Россияга сүт азыктарын импорттоого тыюу салуу, өткөрүлүп жаткан сүттүн көлөмүнүн сезондук өсүшү, сапатынын төмөндөшү (майлуулугу), заводдорго чийки сүттү кабыл алууда жана берүүдө ортомчуларды көбөйүшүү себеп болуп жатканы айтылды. Учурда элден чийки сүттүн 1литрин 25-26 сомдон, заводдордун өзүндө сүттүн майлуулугуна жараша 28-30 сомдон сатып алынууда. Сүт өндүрүүчүлөр азыркы учурда өндүрүштүк кубаттуулуктун азайышынан чийки сүттү алуунун көлөмү да азайып жатканын билдиришти.





