Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтына (06.02.2026)
06.02.2026“Елизавета” Курулуш компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому ичуучу сууну керектоочулордун айылдык коомдук бирикмеси тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранты бекитилди
10.02.2026Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан 2026-
жылдын 09-февралында Талас шаарында жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер
арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо
боюнча жана берилген жазма эскертмелердин убагында аткарылгандыгы боюнча
контролдук мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин негизги максаты – ишкерлерге мыйзамдын талаптарын жеткиликтүү
түшүндүрүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү жайларда мыйзам талаптары сакталбай
жаткандыгы аныкталды:
- Талас шаарынын Манас көчөсү №118 дарегинде жайгашкан «ALBINA» чач тарачы;
- Талас шаарынын Борбордук базарында жайгашкан «Мой стиль» айымдар дүкөнү;
- Талас шаарынын Борбордук базарында жайгашкан «Бурак» автотетиктер дүкөнү.
Бул жайларда Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын
5-беренесинин 3-пунктунун талаптары толук көлөмдө аткарылбай жатканы белгилүү
болду. Тактап айтканда, жарнама мазмунунда мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча
милдеттүү талаптар аткарылган эмес. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча ишкерлерге
мыйзамдын тиешелүү нормалары түшүндүрүлүп, мыйзам талаптарын сактоону камсыз
кылууга 10 күндүк мөөнөт белгилөө менен жазма эскертүүлөр берилди.
Андан тышкары контролдук көзөмөлдүн жыйынтыгында 2026-жылдын 29-январында
берилген жазма эскертүүлөр жарнама жайылтуучу ишкерлер тарабынан толугу менен
талапка ылайык аткарылгандыгы белгилүү болду.
Белгилей кетчү жагдай, мындай алдын алуучу түшүндүрүү жана көзөмөл ишчаралары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштердин алкагында Талас
облусундагы жарнама жайылтуучу субъекттер менен тыгыз байланышта болуп, мыйза
талаптарын сактоо боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

