Ош шаарынын аймагында эт сатуучу жайларда эттин белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү
22.09.2025Кара-Суу районунун аймагында эт сатуучу жайларда эттин белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү
22.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан, 2025-жылдын 17-сентябрында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын “Торговый” базарындагы эт сатуучу жайларга Кадамжай райондук администрациясынын кызматкерлери, Ветеринария кызматынын кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан коюлган баа уй этине 1 кг 670 сом болсо, С.Ж.С, С.Э.А, Э.А.А атуу жеке ишкерлер 1 кг уй этини 700 сомдон, же 30 сомго коюлган баадан ашыкча саткан, ал эми кой этине коюлган баа 1кг 680 сом болсо У.Н.К атуу жеке ишкер 1 кг кой этини 720 сомдон, же 40 сомго ашыкча саткандыгы үчүн, 30 эсептик айып салынды.

