“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифинин) прейскуранты макулдашылды
22.04.2025Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көзөмөлдөө боюнча ишин улантууда
25.04.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жеке лаборатория керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР Экономика жана Коммерция Министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024 жылдын 03-декабрь айында №07-1/96 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 2025-жылдын 2 кварталга түзүлгөн иш пландын негизинде Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жеке лаборатория мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамын 9-берененин 2.Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: сунушталып жаткан иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн; көрсөтүлбөгөндүгү жана сунушталып жаткан кызматтардын чендик баасы көрсөтүлбөгөндүгү аныкталган, жеринде жайгашкан жеке лабараториянын жооптуу мененджерине аталган эрежелерди сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө
эскертүү берилди.
Менеджер тараптан аталган талаптар туура кабыл алынып, тез аранын ичинде кемчиликти жоюп мындан нары эрежеге ылайык кызмат көрсөтөөрүн билдиришти. Андан тышкары аныкталган мыйзамга каршы келген айрым кемчиликтерди болтурбоого иш аракеттерди жүргүзүүгө чакырылды.

