Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруужөнүндө
24.09.2024Кадамжай район аралык оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
24.09.20242024-жылдын 05-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика
жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош шаардык бөлүмүнө, Бишкек шаарынын тургуну А.А.
жазма арыз менен кайрылган:
Жазма арызынын мазмунунда, 2024-жылдын 27-август күнү Ош
шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан “А.” дүкөнүнөн 2
көйнөктү 6 400 (алты миң төрт жүз) сомго электрондук төлөм аркылуу
дистанттык ыкма аркылуу сатып алгандыгын, көйнөктөр ылдам такси
аркылуу 2024-жылдын 29-августунда колуна тийгенде көйнөктөр кичинекей
келип калгандыктан, кайра ошол эле замат “А” дүкөнүнүн ээсине телефон
аркылуу алмаштырып же акчасын кайтарып берүүнү суранганда “А”
дүкөнүнүн ээси алмаштыруудан же акчасын кайтаруудан баш тартып
койгон.
Жогорудагы маселе боюнча 2024-жылдын 19-сентябрында А.А. арыз
даттануусунун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош
шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери “А.” дүкөндүн ээсине, Кыргыз
Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
мыйзамынын 24-1 беренесинин 3 пунктунун талаптарына ылайык сатылган
эки көйнөктү алмаштырып же акчасын кайтарып берүү тууралуу жазма
эскертменин жыйынтыгы менен, кардардын арызы канаатандырылып, анын
алган эки көйнөгү “А” дүкөнүнө берилип, арыздануучунун 6 400 сом акчасы
толугу менен “А” дүкөнүнүн ээси тарабынан кайтарылып берилди, арыздаттануучу арызды токтотуу боюнча жана эки тараптын өз ара келишиминин
негизинде маселеси чечилди.
Андан сырткары “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча
сатуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

