

Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы соода жана тейлөө ишканаларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулары жок экендиги аныкталып, 3 жазма эскертүү берилди.

