
Талас облусунун Талас шаарынын көмүр отунун сатылуучу жайларга жана нан саткан дүкөндөрдө мониторинг жүргүзүлдү.
20.11.2023
Бишкек шаарында жарнактар боюнча айып пулдар салынды
20.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүАламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Мониторингтин жүрүшүндөмыйзамдын 5-беренесинин 4 жана 11-пунктарына туура келбеген “А.К.” ЖЧКуна жана “Б.К.» ААКуна тийиштүү курулуш компаниялардын жарнамалары аныкталды: эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында “иши лицензияланганын” билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнаманы кошпогондо, жарнамада лицензиянын номери жана берилген датасы, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек
5-беренеси 11-пункту товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жарнамалоонун башка объекттерин жарнамалоодо нарктык көрсөткүчтөр улуттук валютада көрсөтүлүүсү тийиш.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар Кодексинин 403-беренесинин негизинде “А.К”. ЖЧКуна жана “Б.К.» ААКуна баардыгы болуп 34000 сом айып пул салынды.





