
Ереванда КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларын биргелешип иликтөө боюнча штабдын жыйыны өттү.
03.11.2023
Ош облусунун Ноокат районунда көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
03.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы №42 буругу менен 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүң жана чекене бааларына 2023-жылдын 2-ноябрында Аламүдүн районунда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан болду.
Мониторингдин жүрүшүндө нан (бөлкө нан) жана нан азыктарын (тандыр нан) өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучулар арасында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө» буйруктун аткарылышы боюнча жана белгиленген баадан ашык саткан ишкерлерге ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мониторинг учурунда нандын (бөлкө нан) бааларында белгиленген баадан ашык саткан учурлар жокко эсе, ал эми нан азыктары (тандыр нан) 280 граммдык тандыр наны 30 сомдон же болбосо белгиленген баадан 2 сомго чейин кымбат сатылып жаткандыгы аныкталды. Жыйынтыгы менен нан азыктарын (тандыр нан) чыгаруучу ишкерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом айып пул салынды. Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен кайрадан берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантат.




