23.02.2026
Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялардын субъекттеринин МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
26.02.20262026-жылдын 19-февралында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен шаарынын мэри С.Д. Кулубаев менен
биргеликте этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон чекене бааларына Баткен
шаарында эт сатылуучу жайлардагы эт сатуучу жеке ишкерлерге, бааларды
турукташтыруу жана эттин көлөмүн сатууда көбөйтүү максатында, рейд иштери
жүргүзүлдү, жөнгө салынган уй ана кой эттеринин баалары боюнча көзөмөлдөө
жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”,
“Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн
алдын алуу максатында сатуучулар, касапчылар арасында түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

