Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтына (08.12.2025)
08.12.2025Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча дүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү
15.12.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук
бөлүмү төмөндөгүчө маалымат билдирет.
2025-жылдын 6 – декабрында эс алуу күнүнө карабастан Талас
облустук УКМК башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Талас шаары
боюнча көмүрдүн, эттин, ундун максималдык бааларын текшерүү боюнча
комиссионно (Салык кызматы, Талас шаардык мэриясы, Талас шаардык
ИИМ башкармалыгы) менен биргеликте рейд жүргүзүлдү.
Талас шаарынын социалдык отун кампасында (базасында) “Кара Кече”
жергиликтүү көмүрдүн баасы Талас облустук бөлүмү тарабынан белгиленген
баадан жогорулаган жок.
Жергиликтүү көмүрдүн белгиленген баасы тоннасы 6800 сом, ал эми
таңгакталган кызматы менен килограммы 7,8 сом, бирок сатылышы андан да
төмөн 7,2 сомдон сатылууда, ал эми “Шабыркуль” жана “Кара-Жыра”
сортундагы импорттук көмүрдүн белгиленген баасы “Кара-Жыра” көмүрү
тоннасы 9000 сом “Шабыркуль” 9300 сом, ал эми таңгакталган кызматы
менен килограммы 10,40 сомдон болсо, 10,00 чейин төмөн сатылууда.
Көмүр негизинен капаталып килограммдап гана сатылат эндей
тонналап сатыка чыкпайт.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында көмүргө болгон таӊкыстык жок
көмүрдүн кору 500 мин тоннага чейин бар экендиги аныкталды, баалар
туруктуу сакталууда.
Эттин баасы боюнча айтсак, баалар белгиленген баада сатылууда уй
эти 630 сомдон, кой эти 650 сомдон сатылууда бардык жерде баалар
илинген.
Ун азыктарынын баасы өзгөрүүсүз туруктуу.
Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан тынымсыз байкоолор уланып
мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгын билдиребиз.

