2025-жылдын 6-7 декабрында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол шаарынын тиешелүү кызматтары менен биргеликте уй жана кой (сулп эттен тышкары) баасына мониторинг жүргүзүп, бааларды кармап туруу жана аларга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” жана “Ак-Тилек Плюс” базарлардын эт павильондорунда, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжасында, Каракол шаарындагы эки ишкерге Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексинин 290-беренесине ылайык айып пулдар салынды.