Каракол шаарныда жумушчу топтун курамында эттин бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
28.11.2025Экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүңсатуу бааларын белгилөө жөнүндө
01.12.2025Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол шаарынын
тиешелүү кызматтары менен биргеликте уй жана кой (сулп эттен тышкары)
баасына мониторинг жүргүзүп, бааларды кармап туруу жана аларга баалардын
негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү,
ошондой эле Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” жана “Ак-Тилек Плюс”
базарлардын эт павильондорунда, “Глобус” соода түйүндөрүндө,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын
түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжасында, Каракол шаарындагы үч
ишкерге Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексинин 290- жана 390-
беренелерине ылайык айып пулдар салынды.

