Ичүүчү суу жеткирүү жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтардын кирешелердин, чыгымдардын жана колдонулган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүүнүн усулун жана келишим формасын макулдашуу тууралуу
18.11.2025Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын
18.11.2025Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери 2025-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн жана Баткен шаардык салык кызматынын
өкүлү менен биргеликте Баткен шаарында соода түйүндөргө жана дүкөндөргө товарлар
жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Улуттук стандарттагы эки
өлчөм штрих-код белгилеринин (QR-код) болушун камсыздоо максатында мониторинг
жүргүзүлдү.
Мониторинг жүргүзүү учурунда 26 чарбалык субъектилер камтылып, алардын
ичинен 22 субъектиде эки өлчөм штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуп
жатышканы белгилүү болду, ал эми калган субъектилерге Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

