Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарында жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
04.11.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн 2025-жылдын 4 кварталына текшерүү планы
06.11.2025Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу
монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери,
жергиликтүү бийлик органдары жана Лейлек райондук ИИМдин кызматкерлери менен
биргеликте 2025-жылдын 5-ноябрында Раззаков шаарында көмүр жана эт сатуу
түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн 2025-жылдын 09-октябрындагы №51 буйругана ылайык Баткен облусунун
аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли
белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүр сатуучу 4-жеке ишкерлерге эскертүү
берилип, кой этине жөнгө салынган баадан жогорулатып саткандыгы үчүн, жеке ишкер
Х.А.Н. га “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде протокол толтурулуп айып пул
салынды.
Көмүр сатуучу жеке ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө
салынган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

