Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
22.10.2025Ош шаарында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
22.10.2025Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери
тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-
майындагы «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-
жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» №282 токтомун ишке ашыруу
максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83
токтому менен бекитилген «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына
(жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби
жөнүндө» жобосуна ылайык “Ормон”, “Урмизан-Кен”, “Жаныбек-Айтматов” “АС-Сүлүктү”
жана “Сулюкта-Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун 2025/2026-жылдардын
күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча (ички базарга) сатылуучу көмүрдүн
дүң сатуу баасынын прейскуранттын баалары өзгөргөн учурда кайра кароо укугу менен
белгиленди.
| № | Аталышы | Буйрук № күнү | Аткарылган жумуштар |
| 1 | “Ормон” жоопкерчилиги чектелген коому | №52 10.10.2025ж | 3 көрсөткүч |
| 2. | “Урмизан-Кен” жоопкерчилиги чектелген коому | №53 13.10.2025ж | 1 көрсөткүч |
| 3. | “Жаныбек-Айтматов” жоопкерчилиги чектелген коому | №54 13.10.2025ж | 5 көрсөткүч |
| 4. | “АС-Сүлүктү” жоопкерчилиги чектелген коому | №55 13.10.2025ж | 3 көрсөткүч |
| 5. | “Сулюкта-Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому | №57 20.10.2025ж | 3 көрсөткүч |

