Майлуулугу 3,4% болгон 1 литр чийки сүттү сатып алуу базалык баалары “Белая река” ЖЧКна 37,0 сом өлчөмүндө жана “Умут и Ко” ЖЧКна 39,0 сом өлчөмүндө баалары белгиленди
25.08.2025Бишкек шаарынын аймагында эт павильондору жана эт (сөөксүздөн башка уй жана кой эти) сатуу түйүндөрү боюнча мониторинг жүргүзүлдү
25.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери,Кадамжайрайондук мамлекеттик администрациясына караштуу Региондорду
өнүктүрүү жана экономика-саясат бөлүмүнүн кызматкерлери, Кадамжай райондук ветеринардык кызматтын бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 22-августунда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына, Исхак-Полотхан айыл аймагына жана Кадамжай шаарынын эт сатуучу жайларына этке(уй жана кой эт, сулп этинен башкасы) болгон бааларына мамлекет тарабынан жөнгө салынган бааны белгиленген баа боюнча ири соода түйүндөрүнө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүүсүндө негизинен эт сатуучу жеке ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, эттин (уй жана кой эт,сулп этинен башкасы) болгон баасыны жөнгө салуу мезгилиндеги баалары тууралуу түшүндүрүү иштери камтылып,
буйрукту тааныштыруу менен кабарлоону ар бир эт сатуучу жеке ишкерлерге жеткирилип, уй этинин 1 кг-670 сомдон ал эми кой этинин 1 кг-680 сатуу тууралуу боюнча иштери жүргүзүлдү.
Социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларынын жыйынтыгы төмөнкүдөй баада экендиги аныкталды:
1-сортогу буудай уну (жергиликтүү) 32-36 сом; 1-сортогу буудай уну (импортолгон) 45-50 сом; каймак майы (туздалбаган 72% -650-700 сом дан аз эмес кошулмалары жок); өсүмдүк майы 1-литр 150-160 сом; кум шекер (жергиликтүү) 1 кг 85,00-90,00 сом; күрүчү 1 кг 100-120 сом; макарон азыктары 1 кг 70-75 сом; тоок жумурткасы 10 даанасы 90-100 сом; сабиз 1 кг 50,00-65,00 сом; картошка 1 кг 40,00 -55,00 сом; пияз 1 кг 30,00-35,00 сом; нан азыктары (тандыр наны) 1 кг95,00-110,00 сом; бөлкө нан 1кг 72,00- 75,00 сом; саман 1 түк– 240-250 сом; кебек 1 кг-20-25 сом; цемент 1 кг-7,50-8,00 сом.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт сатуучу жана азык-түлүк сатуучу жеке ишкерлердин арасында, “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында бааларды туруктуу кармоо, негизсиз жогорулатууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка район-шаарларында дагы жүргүзүлөт.

