Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №140 буйругун аткаруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан максималдуу баалар коюлду:
14.08.2025МАКУЛДАШЫЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ:
15.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу
бөлүмүнүн кызматкерлери менен жана Кадамжай райондук ветеринардык кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 14-августунда Кызыл-Кыя шаарынын эт сатуучу жайларында эттин жөнгө салуу мезгилиндеги бекилген баа боюнча жана ири соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүүсүндө негизинен эт сатуучу жеке ишкерлердин арасында түшүндүрүү эттин жөнгө салуу мезгилиндеги баалары тууралуу түшүндүрүү иштери камтылып, буйрук менен тааныштыруу кабарлоолору ар бир эт сатуучу жеке ишкрлерге
жеткирилип, уй этинин 1 кг-650 сомдон ал эми кой этинин 1 кг-680 сатуу тууралуу иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары ири соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү азык-түлүк товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы төмөнкүдөй баада экендиги аныкталды:
-1-сортогу буудай уну (жергиликтүү) 30-36 сом; -1-сортогу буудай уну (импортолгон) 45-50 сом; -Каймак майы (туздалбаган 72% -650-700 сом; дан аз эмес кошулмалары жок)- 650-655 сом; Өсүмдүк майы 1-литр 140-160 сом; Кум шекер (Кыргызстан) 1 кг 80,00-90,00 сом; Күрүчү 1 кг 100-120 сом; Макарон азыктары 1 кг 70-80 сом; Тоок умурткасы 10 даанасы 80-100 сом; Сабиз 1 кг 50,00 -60,00 сом; Картошка 1 кг 45,00 -50,00 сом; Пияз 1 кг 33,00-3500 сом; Нан азыктары (тандыр наны) 1 кг 95,00-110,00 сом; Бөлкө нан 1кг 70,00- 75,00 сом; Саман 1 түк -240-250 сом; Кебек 1 кг-20-25 сом.
Андан сырткары мониторингдин жүрүүсүндө эт сатуучу жана азык-түлүк сатуучу жеке ишкерлердин арасында, “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында бааларды туруктуу кармоо, негизсиз жогорулатууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка район-шаарларында дагы жүргүзулөт.

