“Ак-Булак көмүр” ЖЧК жана “Өсөр” ЖЧКнун 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүндүң дүң сатуу баасынын прейскуранттык баалары өзгөргөн учурда кайра кароо укугу менен белгиленди
11.08.2025Талас шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ири соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
12.08.2025Бүгүн, 2025-жылдын 11-августунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарында жайгашкан даарыканаларда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана мыйзам нормаларын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү нормативдик-укуктук актылардын негизинде ишке ашырылды:
– “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтому;
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын
13-майындагы №42 буйругу менен бекитилген керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү тартиби;
– Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 3-декабрындагы №07-
1/96 тапшырмасы;
– Талас облустук бөлүмүнүн 2025-жылдын III кварталына карата иш планы.
– Мониторингдин жүрүшүндө:даарыканалар тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтар
боюнча иш режими көрсөтүлбөгөндүгү аныкталды.
– Бул мыйзам бузуунун негизинде даарыкананын жооптуу менеджерине мыйзам
талаптары жана керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
– Жеринде мыйзам бузууну жоюу жөнүндө эскертүү берилди.
Даарыкананын өкүлү көрсөтүлгөн талаптар менен макул экенин билдирип, кемчиликтерди жакын арада жойо турганын жана кызмат көрсөтүүдө мыйзам талаптарын сактоого даяр экендигин белгиледи. Ошондой эле, келечекте мыйзам бузууларга жол
бербөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо багытында иштерди жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин билдирди.

