Азык-түлүк буудайынын данын сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө
27.06.2025Баткен областык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык акы алуу кызматынын баасы (тарифи) макулдашылды
30.06.2025Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 27-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн жана Баткен шаардык салык кызматынын өкүлү менен биргеликте Баткен шаарында соода түйүндөргө жана дүкөндөргө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Улуттук стандарттагы эки
өлчөм штрих-код белгилеринин (QR-код) болушун камсыздоо максатында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүү учурунда 25 чарбалык субъектилер камтылып, алардын ичинен 19 субъектиде эки өлчөм штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуп жатышканы белгилүү болду, ал эми калган субъектилерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

