Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт
23.06.2025Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо болуп өттү
23.06.2025ачык конкурс өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук тобу: аймактык бөлүмдөрдөгү (Бишкек ш., Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустары) бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн.
1.Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку экономикалык жана/же юридикалык билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы туруу” Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздары боюнча типтүү нускама.
4.Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №83; 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №56, 2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан кароонун Эрежелерин бекитүү тууралуу” №366; 2013-жылдын 5-апрелиндеги “Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” №175; 2016-жылдын 17-мартындагы “Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча жана жалпысынан башка иш боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” №130; Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 4-ноябры № 619; 2012-жылдын 2-июнундагы “Ак ниет эмес атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартибин бекитүү тууралуу” №362; 2012-жылдын 11-июнундагы “Чарба субъекттерин мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу” №391; 2012-жылдын 2-июнундагы “Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, бөгөт коюу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө” №364; 2015-жылдын 7-июлундагы “Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” №461; Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө 2022-жылдын 4-ноябры № 617; 2015-жылдын 27-июлундагы “Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертүүлөрдү берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө “№534; 2000-жылдын 26-октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу” №637; Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө 2024-жылдын 12-июну № 304; 2015-жылдын 14-январындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” №6; 2014-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке салуу жөнүндө” №560; “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу 2024-жылдын 13-июну № 313; Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомдору;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндөгү жобо.
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу: аймактык бөлүмдөрдөгү (Бишкек ш., Ош, Ысык-Көл, Баткен облустары) бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн.
1.Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку экономикалык жана/же юридикалык билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажы талап кылынбайт.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздары боюнча типтүү нускама.
4.Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №83; 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №56, 2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан кароонун Эрежелерин бекитүү тууралуу” №366; 2013-жылдын 5-апрелиндеги “Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” №175; 2016-жылдын 17-мартындагы “Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча жана жалпысынан башка иш боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” №130; 2012-жылдын 2-июнундагы “Ак ниет эмес атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартибин бекитүү тууралуу” №362; 2012-жылдын 11-июнундагы “Чарба субъекттерин мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу” №391; 2012-жылдын 2-июнундагы “Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, бөгөт коюу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө” №364; 2015-жылдын 7-июлундагы “Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” №461; Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө 2022-жылдын 4-ноябры № 617; 2015-жылдын 27-июлундагы “Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” № 534; 2000-жылдын 26-октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 637; 2024-жылдын 12-июнундагы “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” № 304; 2015-жылдын 14-январындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” №6; 2014-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” № 560; “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу 2024-жылдын 13-июну № 313; Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө 2022-жылдын 20-майы № 267 токтомдору.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндөгү жобо.
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу: метрологиялык көзөмөл боюнча борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн (Бишкек ш., Ош, Ысык-Көл облустары)
1.Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку техникалык билим.
2. иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажы талап кылынбайт.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздары боюнча типтүү нускама.
4. Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын “Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдарын.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2012-жылдын 31-майындагы 350, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 токтомдору.
– 2021-жылдын 10-декабрындагы Министрлер Кабинетинин №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобосу.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
Жөндөмү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ЖМК үчүн маалыматтарды даярдоо, иш-чараларды уюштуруу (тегерек столдорду даярдоо, анын ичинде ЖМКларды тартуу менен), иште колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин тажрыйбаны жана билимди натыйжалуу колдонуу;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
– компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон (Word, Excel, “Токтом Корпорация Про” маалыматтык-укуктук тутумун) билүүсү;
Конкурска катышуу үчүн кийинки документтер көктөмөгө тиркелип берилиши керек (Аты жөнү, ИНН, байланыш телефону, дареги, электрондук почтасы):
– арыз;
– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү жана байланыш маалыматтары менен);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет);
– нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринде персоналды башкаруу кызматынын эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы менен);
– нотариалдык же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
– илимий деңгээлин жана илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Конкурска катышуу үчүн документтер Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 7Б/1 дареги боюнча 2025-жылдын 3-июлун (кошуп) саат 18.00.го чейин кабыл алынат, маалымат үчүн телефондор 0 (312) 56 33 01.
ЭСКЕРТҮҮ: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар, конкурска катышууга киргизилбейт.

