Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча мониторинг (рейд) жүрүү ууланууда
13.06.2025Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча мониторинг (рейд) жүрүү ууланууда
18.06.2025Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген
«Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, ошондой эле, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик
администрациясынын алдындагы ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан берилген жана каралып чыккан эсептик материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга
каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 2025-жылдын 16-июнундагы №13 буйругу менен 2025-жылдын жайкы мезгилине Жети-Өгүз районундагы сүттү кайра иштетүүчү завод “Ак-Жалга” ЖАК тарабынан сатып алуучу 3,4% базалык
майлуулугу менен чийки сүткө 36,0 сом/л өлчөмүндө баалар белгиленсин. Майлуулугуна жараша сатып алуу баасынын деңгээли төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн. Анда майлуулуктун базистен четтөөсүнө жараша кайра эсептөөлөр
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген чийки сүттүн баасын белгилөө тартибиндеги тиркемедеги Ченемдерге (Нормативге) ылайык жүргүзүлөрү белгиленсин.
Тиркеме: сүттү кайра иштетүүчү завод “Ак-Жалга” ЖАК үчүн белгиленген базистик майлуулугу боюнча сүт сатып алуу баасын эсептөө үчүн таблицасы.

