Ош облусунун Араван районунун борбордук базарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
09.06.2025“Ош облустук кан борборунун акы алып кызмат кылган баа прейскурантын макулдашуу жөнүндө” №4/38 буйругу жокко чыгарылды
09.06.20252025-жылы 12 мартында “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” жана Талас облустук бөлүмүнүн 1 кварталга түзүлгөн иш планын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери , Талас аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жана мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери менен биргеликте, Талас шаарындагы жайгашкан азыктүлүк коопсуздугу жана товарлардын жарактуу мөөнөтүн сактоосуна, сапатына жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Талас шаарында жайгашкан соода-сатык жайларда эң негизги социалдык манилүү товарлардын баалары төмөндөгүчө:
- Жергилүүктү 1 сорттогу ундун баасы: 1 кг 27 сомдон 42,50 сомго чейин.
- Импорттолгон 1 сорттогу ундун баасы:1 кг 32 сомдон 46 сомго чейин.
- Өсүмдүк күн карама майы: 1 литр 119 сомдон 175 сомго чейин.
- Кумшекер: 1 кг 62 сомдон 75 сомго чейин.
- Күрүч (тазаланган ак):1 кг 85 сомдон 180 сомго чейин.
- Тоок жумурткасы 10 даанасы: 75 сомдон 135 сомго чейин.
- Макарон азыктары (вермишель,спагетти, рошки):1 кг 65 сомдон 95 сомго чейин, 400
гр спагетти 65 сомдон 115 сомго чейин. - Картошка:1 кг 40сомдон 55 сомго чейин жана ошондой эле Супер маркет “Глобус”
58 сом 1 кг, ”Азия” 61 сом 1 кг, кичи маркеттк 53 сом 1 кг, картошка базарда оптом 38
сомдон 1 тоннадан жогору. - Сабиз:1кг 25 сомдон 40 сомго чейин жана ошондой эле кичи маркетте тазасы 29 сом
1 кг, тазаланбаганы 28 сом 1 кг, ак сабиз 32 сом 1 кг. Супер маркет “Глобус” тазасы 23 сом
1 кг, ”Азия” 30 сом 1 кг,жашылча базарда оптом 25 сомдон 50 кг жогору. - Баш пияз: 1 кг 22 сомдон 30 сомго чейин ал эми супер маркеттерде “Азия” 26 сом1
кг, “Глобус” 19 сом 1 кг. - Тоюттар (чөп): 1 түк 220 сомдон 230 сомго чейин.
- Талас шаарынын көмүр отун базасында жергиликтүү көмүр 1 тоннасына – 5500-
6500 сомдон, ал эми импорттук көмүр 1 тоннасын – 8200-9000 сомдон сатылып жатканы
белгилүү болду. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жүргүзүлүп, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү ишчаралары жүргүзүлдү.

