2025-жылдын 1-кварталындагы ишкердик субъекттерине өткөрүлгөн текшерүүлөр боюнча жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат
14.05.2025Ош шаарындагы эт сатуучу социалдык дүкөндөргө мониторинг жүргүздү
16.05.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жеке клиникага керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР Экономика жана Коммерция Министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 03-декабрь айында №07-1/96 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 2025-жылдын 2 кварталга түзүлгөн иш пландын негизинде Талас шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жеке клиникага мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө иштөө режими көрсөтүлбөгөндүгү жана сунушталып жаткан кызматтардын чендик баасы көрсөтүлбөгөндүгү аныкталган, жеринде жайгашкан жеке клиниканын башчысына аталган эрежелерди сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү берилди.
Жеке клиниканын башчысы тараптан аталган талаптар туура кабыл алынып, тез аранын ичинде кемчиликти жоюп мындан нары эрежеге ылайык кызмат көрсөтөөрүн билдиришти. Андан тышкары аныкталган мыйзамга каршы келген айрым кемчиликтерди
болтурбоого иш аракеттерди жүргүзүүгө чакырылды.

