Каракол шаарындагы соода түйүндөрүндө, радиорубка жана Ысык-Көл кинотеатрында КР “Жарнама жөнүндө”Мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү
31.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинекараштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасыЖ.Б.Орозбаевдин буйругу менен, 2025-жылдын 1-мартынан 31-мартыначейин Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө каратаайлык өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
31.03.20252025-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн инспектору Сапаров Нурбек жана Айыл
банктын өкүлү Баймуратов Алмаз менен биргеликте Баткен шаарында банктык төлөм
карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуунун
(программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз болуусу боюнча мониторинг
жүргүзүлдү.
Мониторинг жүргүзүү учурунда 10 дон ашык субъектилер камтылып, алардын
ичинен 6 субъект (программалык-техникалык түзүлүштү орнотуп, колдонуп
жатышканы белгилүү болду, ал эми калган субъектилерге Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

