Ысык – Көл облустук бөлүмүнүн кызматкери Түп районундагы тейлөө аймактарында POS – терминалдарды орнотуу боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
25.03.2025Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
28.03.20252025 – жылдын 28 – мартында “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо күнүнө карата” Кыргыз Республикасынын Экономика
жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас
шаарындагы Талас мамлекеттик университетин Технология жана экономика
факультетинин имаратында, мугалимдердин жана жалпы студенттердин
катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында каралган талаптар боюнча
керектөөчү өз укугун кандай коргой алаары жана соода сатыкта сатуу, сатып
алуу, кызмат көрсөтүү жаатындагы карым-катнаштар жөнүндө толук
маалымат берилди. Мындан сыркары мыйзамында каралган талапка ылайык
керектөөчүнүн укугу бузулганда кайсыл жактарга кайрылуу керектиги боюнча
кенири түшүндүрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мугалим жааматы жана
студенттер менен эркин талкуу уюштурулуп, жолугушуунун аягында
студенттер менен суроо-жооптор орун алып, жыйынтыкталды.

