Кочкор районунда чийики сүт боюнча иш-чара
12.03.2025Талас облусунда жалпы ишембилик башталды
17.03.20252025-жылдын 14-мартында “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
күнүнө карата” жана Талас облустук бөлүмүнүн 1 кварталга түзүлгөн иш планын
негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери Талас облусунун, Айтматов району, Манас району жана Бакай-Ата
райондорунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөткөн
мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү жана түшүндүрү иштери аткарылды.
Мониторингдин жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн
программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу мамлекеттик мекемелерде аныкталган:
- Айтматов районунун Архитектура бөлүмү;
- Айтматов районунун, Кызыл-Адыр айылындагы автовокзалы;
- Манас районунун Архитектура бөлүмү;
- Бакай-Ата районунун Архитектура бөлумү;
Тактап айтканда QR-коддорду керектөөчүлөргө ыңгайлаштырып көрүнүктүү жерге илүү
боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жөнүндө” мыйзамынын 27-берененин талаптары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

