Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө”
12.11.2024Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 12-ноябрь күнү Ош шаарынын Жибек жолу кичи районундагы эт сатуучу жайларга,мониторинг жүргүзүштү
13.11.20242024-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен, Талас шаарынын
мэриясынын өкүлү, Талас районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү жана айыл
өкмөттөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте, Талас районунда жана Талас шаарында
жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга, көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол
бербөө, анын калк үчүн баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Талас
облустук бөлүмүнүн 12.09.2024 жылдагы №8 сандуу “Талас облусу боюнча көмүрдүн
бааларынын максималдуу бааларын белгилөө жөнүндө” – буйругун аткаруу
максатында, Талас району боюнча көмүргө белгиленген максималдуу бааны сактоо
маселелери боюнча иш-чараларды (мониторинг) өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун баасына байкоолор жана ишкерлерге
сатылып жаткан көмүрдүн бааларына мониторинг менен бирге Кыргыз Республикасынын
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз
кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде – “товарлардын баалары тууралуу
маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” жана өлчөө каражаттарын (таразаларды)
мезгилдүү текшерүүлөрдөн өткөзүү” боюнча тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп
айрым ишкерлер баасын түшүрүп сатарын айтышты .
Мониторингдин жыйынтыгында Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери
тарабынан Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 290-
беренесине ылайык, көмүрдүн белгиленген баасынан жогору баа койгондугу үчүн 2
ишкерге административдик айып салынды.


