Манас районунда жана Айтматов районунда КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп көрсөтмөлөр берилди.
04.11.20242024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери, тарабынан Манас районунда, Айтматов районунда жана Бакай
Ата районунда жайгашкан эт сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө эт саткан ишкерлерге, Кыргыз Республикасынын
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз
кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде – “товарлардын баалары тууралуу
маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” жана өлчөө каражаттарын (таразаларды)
мезгилдүү текшерүүлөрдөн өткөзүү” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Манас району, Бакай Ата району жана Айтматов райондорунда
эттин баасы төмөндөгүдөй:
- Уй эти 1 кг баасы 480-520 сом
- Жылкы эти 1 кг баасы 480-500 сом
- Кой эти 1 кг 500-550 сомдон.
Ал эми касап каналарда уй этинин баасы ички эттери менен кошо 390-420 сомго
чейин сатылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан
социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен
бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар
жүргүзүлүп келет.

