Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Кара-Балта шаарында эттин чекене базар баасына мониторинг жүргүздү.
14.10.2024Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
18.10.20242024-жылдын 14-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас шаардык мамлекеттик салык
кызматынын башкы инспектору, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн милициянын
лейтенанты жана Талас район-шаардык ветеринардык башкармалыгынын инспекторлору
менен биргеликте, Талас шаарындагы эт сатылуучу жайларда уй жана кой этинин баасына
мониторинг жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында эттин баасы төмөндөгүдөй:
- Уй эти 1 кг баасы 490-510 сом
- Кой эти 1 кг 550 сомдон.
Ал эми касап каналарда уй этинин баасы ички эттери менен кошо 390-400 сомго
чейин сатылууда.
Мындан сырткары Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз
Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө
бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде – “товарлардын
баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлүп, баалары илинди.
Ал эми, жабык базарында кой этин сатуу менен алектенген ишкерлер кой этин 10
сомго түшүрүп сатышарын билдиришти.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан
социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен
бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү ишчаралар жүргүзүлүп келет.




