Ысык- Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери уй жана кой эти боюнча мониторинг жүргүздү
09.09.2024Кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачыкконкурс өткөрүү жөнүндө
10.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан “Fiesta” авиа кассасы;
2. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан “Suluu brand” аялдар кийимдер дүкөнү;
3. Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Эрке кыз” сулуулук салону;
4. Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “G-Studio” сулуулук салону;
5. Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “Маскарад” кастюмдарды ижарага алуу салону;
6. Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “Жайна” кастюмдарды ижарага алуу салону; Белгилей кетсек жогоруда белгиленген жайларда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-пунктунун негизинде оозеки эскертүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




