Кадамжай шаарындагы социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
21.08.2024Каракол шаарындагы “Глобус”, “Азия”, “Береке+”, “Рамиль”соода түйүндөрүндө, Каракол шаардык “Кадастр” мамлекеттик ишканасында жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында мониторинг жүргүздү
23.08.2024Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 21-август күнү
Талас шаарында жайгашкан Тез тамактануучу жайлардын биринде керектөөчүлөрдүн
укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын
ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана
коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР
ЭжКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 22-май
айында №07-1/41 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 3 кварталга
түзүлгөн иш планын негизинде жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө тактануучу жайдын жетекчилигине накталай эмес
төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөрдү тактап айтканда
QR-коддорду керектөөчүлөргө ыңгайлаштырып көрүнүктүү жерге илүү боюнча жана
КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын беренелери
жеринен тааныштырылып кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү.
Тамактануучу жайдын жетекчилиги жана кызматкерли аталган талаптарды туура
кабыл алышып, тез арада кемчиликти жоюп мындан нары эрежеге ылайык иш жүргүзөт
турганын билдиришти.




