Жалал-Абад облустук болуму, Ноокен районундагы базарларында, май куюучу жана тамактануучу жайларында жана ири соода туйундорундогу сатуучулардын арасында мониторинг жургузулду
19.08.2024“Роял Бич” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранты бекитилди.
20.08.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Бакай-Ата районунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР ЭжКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 22-май айында №07-1/41 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 3 кварталга түзүлгөн иш планын негизинде районда жайгашкан чон ийри соода объектилерине мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө “Гастроном ”, “Алина”, “Батырбашы” жана “Неман+маркет” соода түйүндөрү камтылып, жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын тизмесиндеги товарлар аныкталып, жеринде маркеттердин жооптуу кызматкерлерге аталган эрежелерди сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарактуу мөөнөтү аяктаган товарлар жеринен текчелерден алынып сатыктан алынды.
Жетекчилик тараптан аталган талаптар туура кабыл алынып, тез арада кемчиликти жоюп мындан нары эрежеге ылайык соода сатык жүргүзүлөөрүн билдиришти.
Андан тышкары аныкталган мыйзамга каршы келген айрым кемчиликтерди болтурбоого иш аракеттерди жүргүзүүгө чакырылды.





