Ысык-Көл токой чарбасы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
07.08.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас районундагы Манас айылынында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР ЭжКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 22-май айында №07-1/41 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 3 кварталга түзүлгөн иш планын негизинде Талас облусунун Талас районунун Манас айылындагы Ай-Жылдыз дүкөнүндө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын тизмесиндеги товарлар аныкталып, жеринде дүкөндүн жооптуу сатуучуларына аталган эрежелерди сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарактуу мөөнөтү аяктаган товарлар жеринен текчелерден алынып сатыктан алынды.
Дүкөндүн сатуучулары аталган талаптар туура кабыл алышып, тез арада кемчиликти жоюп мындан нары эрежеге ылайык соода сатык жүргүзүлөөрүн билдиришти.






