
“Саркент” жаратылыш паркы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
19.07.2024
Ош жана Аламедин базарларынын эт сатуучуларына тез ыкчам (экспресс) сурамжылоо мониторинг жүргүзүлдү.
22.07.20242024-жылдын 20-июль күнү КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана КР Айыл чарба министрлигине караштуу Агробизнестин аттандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Талас шаарындагы «Талас сүт» ишканасына барып Талас облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп жана фермердик чарбалардын иши менен таанышып чыкты.
Иш сапардын алкагында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тарабынан салтанаттуу түрдө адистештирилген контейнерге сүттү ташуу үчүн цистерналарга: жалпысынан 11-даана анын ичинен 2000 литр көлөмүндөгү эки секциялуу цистерналарга – 7 даана, 1000 литр көлөмүндөгү бир секциялуу цистерналарга 4 даана автоцистерналарды менчик укугуна тапшырылды. Автоцистерналарды жеткирүүнүн негизги максаты – сүттү алыс жана жакын аралыктардан сүт кабыл алуу пунктуна жеткирүү жана сактоо, бул сүттүн сапатынын төмөндөшүнө жол бербейт. Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун айтуусу боюнча цистерналар 6-8 саатка чейин туруктуу температураны сактаган, АИСИ-304 дат баспасган тамак-ашка ылайык 2-кабаттуу (ички жана тышкы) материалдан жасалган. Долбоордун алкагында сүттү сактоо жана ташуу үчүн сатылып алынган цистерналар сүттүн сапатын жана сүт өндүрүүчүлөрдүн кирешелүүлүгүн жогорулатууда чоң роль ойнойт деп белгиленет. Ишкананын ишмердиги менен таанышып чыккан соң Бакыт Төрөбаев жана облус жетекчиси Нурлан Дарданов облустагы Айтматов районуна иш сапарын улантып кетти.






