
Талас шаарында КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп оозеки эскертүүлөр берилди.
15.07.2024
Талас шаарында жайгашкан дарыканада керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
16.07.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары А.Касымалиевдин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №15718 тапшырмасын аткаруу максатында Улуттук банктын, салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкери Эралиева М.С. биргелешкен иш планынын негизинде Ысык-Көл районунун соода түйүндөрүндө, сулуулук салондорунда, аптекаларда жана кафе-ресторандарга QR-код төлөмдөрү менен төлөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингде банктык төлөм карталарын, QR-код менен төлөө, накталай эмес төлөм формаларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды орнотуу жана пайдалануу боюнча жана о.э. Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




