
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү
21.06.2024
Азык-түлүк буудайынын данын сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө
22.06.2024Мониторингдин жүрүшүндө чарба буюмдарын Мамлекеттик сатып алуулар порталында айрым жуучу каражаттарын аталыштарын атап көрсөткөндүгү аныкталган. Мыйзам бузуунун алдын алуу максатында, Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана 2029 Аскер бөлүгүнүн өкүлдөрүнө КР “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын 9-10 беренесине каршы келген жагдай аныкталганын билдирип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алар, мындан ары мекеме тарабынан КР “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо менен иш алып бараарын билдиришти.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №489 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибинин” 2-параграфына -(“Техникалык спецификацияларда товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, фирмалык аталыштарды, патенттерди, товар чыгарылган жердин аталышын жана өндүрүүчүнүн аталышын, ошондой эле сатылып алынуучу товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн бир потенциалдуу берүүчүгө таандык экендигин аныктоочу башка мүнөздөмөлөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат – деп көрсөтүлгөн.
Мониторингдин жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча көрсөтмө эскертүүлөр берилди.



