
Биргелешкен иш пландын негизинде Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол шаарында мониторинг жүргүзүлдү
19.06.2024
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү
21.06.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган:
1. Манас көчөсүндө жайгашкан “Health Club” Япониянын косметология клиникасы;
2. Манас көчөсүндө жайгашкан “Аруузат” тиш дарылоо кызматы (стоматология);
3. Чубак Сатаев көчөсүндө жайгашкан “Яндекс GO” унаага буйрутма берүү кызматы (такси);
4. К.Нуржанов көчөсүндө жайгашкан “Косметология” клиникасы;
Белгилей кетсек жогоруда белгиленген жайларда буга чейин Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-пунктунун негизинде эскертүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мониторингдин жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча 30 күн белгилөө менен көрсөтмө эскертүүлөр берилди.



