
“Роял Бич” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ичүүчү сууга жана саркынды сууну тазалоого акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
12.06.2024
Лейлек районунда социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
18.06.20242024 – жылдын 18 – июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас шаарында жайгашкан соода объектилеринде мониторинг жүргүзүштү.
Кыргыз Республикасынын Мининстрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарынын болгон кеңешменин 2024-жылдын 16-майындагы №18-03 санду протоколунун 1.3 пунктунун аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Белгиленген пунктка ылайык Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” Мыйзамынын алкагында керектөөчүлөргө маалымат катарында табигый тамак-аш азыктарынан жазалган продукцияларды жана импорттолгон порошоктон же кошулмалардан жасалган продукцияларды өзүнчө аралаштырбастан эки башка текчелерге коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүү каты берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Талас шаарында жайгашкан ири соода түйүндөрдө табигый тамак-аш жана сүт азыктарынан жазалган продукциялар өзүнчө текчелерге койулуп бөлүнгөнүн белгилейбиз.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин” 22-1 пункту толугу менен аткарылып текчелерге шелфтокерлерди жайгаштырылганын билдиребиз.




